Өрт өчүргүчтөр Осмонкул көчөсүндөгү өрттү өчүрүшүүдө

Бишкектеги Осмонкул көчөсүндөгү турак-үйдөгү өрттү өрт өчүргүчтөр өчүрүүдө. Бул тууралуу өрткө күбө болгондор билдирди.

Өрт тууралуу билдирүү бүгүн таңкы саат 6-30да келип түшкөн. Өрт өчүргүчтөр окуя болгон жерге барганга чейин тилсиз жоо үйдүн чатырына чейин жайылып кеткен. Өрт 100 чарчы метр жерге жайылган.

Учурда өрт өчүргүчтөр өрттүн негизги очогун өчүрүштү. Алдын ала маалыматтарга ылайык, электр зымдары бир-бирине тийишип калгандыктын өрт чыыкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД