Манас проспектисинде маршруттук такси өрттөндү

Борбор калаанын Манас проспектисинде маршруттук такси күйүп кетти. Бул тууралуу окуягы күбөлөр билдирди.

ӨКМнын кызматкерлеринин ырасташынча, автонун ичинде жүргүнчүлөр болгон. Машинанын алды жагынан түтүн чыкканда, айдоочу аны жол жээгине токтоткон. Жүргүнчүлөрдүн баардыгы маршруткадан чыгууга үлгүргөн.

Өрт өчүргүчтөр келгенге чейин жалын маршрутканын ичин каптаган. ӨКМнын кызматкерлери тилсиз жоону бат эле өчүргөн.

Алдын ала маалымат боюнча машинанын ток өткөрүүчү зымдары тийишип калгандыктан өрт чыгышы мүмкүн. Эч ким жабыр тарткан эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД