"Ар-Намыс" парламенттеги кызматкерлердин айлыгын жабык эшик артында талкуулайт

"Ар-Намыс" фракциясынын депутаттары парламенттеги кызматкерлердин айлыгын төлөө шарттарын жабык эшик артында талкуулайт.

Күн тартибине ылайык, арнамысчылар "Мамлекеттик кызматкерлердин жана Жогорку кеңештин башка категориясындагы жумушчулардын айлыгын төлөө шарттары жөнүндөгү" токтомго өзгөртүү киргизүү долбоорун карашат.

"Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов маяна тууралуу токтомго киргизилип аткан долбоорду ачык талкуулоого каршы эмес экенин, бирок ал жашыруун документ экенин "ВБ"га билдирди. "Мен бул мыйзам долбоорунун мазмунун ЖМКга айтууга укугум жок", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД