Текебаев Рысалиев боюнча парламент комитетине арызданат

"Ата Мекен" фракциясынын бүгүнкү, 8-февралдагы, жыйынында анын лидери Өмүрбек Текебаев фракция атынан Жогорку Кеңештин коррупция менен күрөшүү комитетине мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев боюнча арыз менен кайрыла турганын билдирди.

"Кечээ ИИМдин мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиев эгер ал кызматынан кетпесе да, мен аны 2010-жылдагы апрель окуяларынын иликтегени үчүн баары бир жумуштан алмак деп билдирди. Чындыгында биз аны кызматтан алуу мүмкүнчүлүгү болсо да эки жолу ИИМдин башчылыгында калтырдык. Рысалиев бул үчүн ар дайым эле ыраазы болчу, бирок кечээ ал мен ага чалып коркутканымды айтты. Мен ал менен телефон аркылуу жана жолукканда бардык темада сүйлөшө алчубуз, бирок эч качан мен аны коркута алмак эмесмин. Эгер силер макул болсоңор фракциянын атынан Рысалиевдин билдирүүсү боюнча коррупция менен күрөшүү комитетине кайрылалы. Тийиштүү органдар иликтеп, ал эмне үчүн министрлик кызматтан кеткенин айтсын", - деди ал.

Текебаев ошондой эле Рысалиевге карата кылмыш ишин козгоо үчүн негиз бар экенин белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД