Депутат: Парламент түзүмү менен аппаратын мындан ары кыскартууга болбойт

"Парламент түзүмү менен аппаратын мындан ары кыскартууга болбойт", - деп "Ар-Намыс" фракциясынын жыйынында аталган фракциянын депутаты Майрамкүл Тиленчиева билдирди.

Белгилесек, фракция Жогорку Кеңештин штатын кыскартуу жана түзүмүн оптималдаштыруу боюнча жумушчу комиссиянын корутундусун жана ЖКнын бюджетинин долбоорун талкуулап атат.

Тиленчиева комиссиянын Жогорку Кеңештин штаты ыгы жок көбөйтүлгөн деген корутундусу менен макул эмес. "Жогорку Кеңештин аппаратын жана түзүмүн кыскартууга болбойт. Гараж менен пансионаттар керек. Финансы бөлүмүндө болгону сегиз эле киши иштейт. Штатты андан ары кыскартууга болбойт", - дейт депутат айым.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД