Текебаев НТСтын калыстыгын баалоо үчүн Журналисттер коомуна кайрылат

Талап-тоноочулукту иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулоону көрсөткөн НТС каналынын калыстыгын баалоо үчүн Текебаев Журналисттер коомуна кайрылууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев фракциянын бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, НТС телеканалы кечээ Жогорку Кеңештин жыйынын "калыс" чагылдырган жок. "Алар жыйындар залынан түз алып берип атышты. Бирок бир гана Курманбек Осмоновдун жана айыптоо иретинде түзүлгөн корутундуга кол койгон комиссиянын башка мүчөлөрүнүн сүйлөгөнү гана көрсөтүлдү. Биздин сүйлөгөндөрүбүз, өз корутундусун алып чыккан комиссиянын мүчөсү Наталья Никитенконун, Кожобек Рыспаевдин айткандары кесилип салынган. Анан ушуну калыстык деп айтууга болобу? Бул журналистикалык этикага да, мыйзамга да жатпайт. Журналисттердин этика маселесин караган Журналисттер коому бар. Эгер алар калыс болсо, "НТС" телеканалынын аракетине баа бериши керек", - деди Текебаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД