Текебаев: Юсупов Рысалиевдин да тоноочулугу тууралуу айткан

"Иши тергелип аткан Абдулла Юсупов мурдагы ички иштери министри Зарылбек Рысалиевдин да тоноочулугу тууралуу көрсөтмө берген", - деп "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында анын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

Анын айтымында, Рысалиев ИИМдин жетекчиси болуп турганда 2012-жылдын ноябрь айында бир ЖМКга Текебаев менен Шерге карата кылмыш ишин козгоого негиз жок деп билдирген. "Ал эми Мадылбеков менен Төлөгөновдун иши боюнча кошумча тергөө керек деп билдирген болчу. Биз аны антип айт деп суранган эмеспиз, бирок бардыгы ушундай болгондуктан ал ошентип айткан", - дейт ал.

Текебаев Рысалиев менен дайыма сүйлөшүп келгенин белгиледи. "Ал президент чакырганын жана Бабанов Башкы прокуратурага да, МУККга да ишенбей атканын айткан. Бабановдон кимге ишенесиң деп сураганда, ал Рысалиевге деп айткан имиш. Рысалиев өз кезегинде далилдерди таап, аягына чыгарууга сөз берген. Ошондо Рысалиев биз ага таарынбашыбызды айткан болчу. Мен ага партиялаштарыма ишене турганымды, эгер ал таба ала турган болсо, тапсын деп жооп бергем. Зарылбек министр болуп турганда фактыларды тапкан, бирок алардын бирөөсү да тергөө учурунда далилденген эмес", - дейт "Ата Мекен" фракциясынын лидери.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД