Райкан Төлөгөнов: Бизди колбаса менен эле эмес, дары менен да ууландырып атат

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Ширин Айтматова фракциянын бүгүнкү, 8-февралдагы, жыйынында бүгүнкү күнү Кыргызстандын дары рыногунда рекормон (патенттелбеген аталышы эритропоэтин-бета); репретин ("Ротафарм" компаниясы чыгарат) жана репоэтин ("Сигл Интернационал" компаниясы чыгарат, патенттелбеген аталышы эритропоэтин-альфа) аттуу дарылар сатылып атканын билдирди. Акыркы эки дары Айтматованын айтымында оригинал дарылардын биосимиляры болуп эсептелет.

Депутат Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна кайрылган, алар репретин жана репоэтин АКШ жана Европа биримдигинин көзөмөлдөөчү органдарынын расмий сайтында да жок.

"Оригинал дарылардын биоаналогдорун колдонуу бейтаптарда түрдүү ооруларды жаратышы мүмкүн. Байтаптарды бир биопрепараттан башкага которуу анын ден соолугуна жана коопсуздугуна өтө терс таасир бериши мүмкүн. Ошондуктан Европа биримлдигинде биосимилярды дарылануу учурунда жетиштүү клиникалык эффект болгондо колдонууга тыюу салынган", - деди Айтматова.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда дары сатуунун айлануусу – "өтө чоң жана ал дээрлик көзөмөлдөнбөйт", - деп белгиледи. Ал эми депутат Райкан Төлөгөнов тийиштүү органдарга кырдаалда жөнгө салуусун жана репретин дарысын өлкөдө сатууга тыюу салууну сунуштады. "Мен бизди сырттан келген колбасалар менен эле ууландырып атат десе, дары менен да ууландырып аткан турбайбы. Бул жерде жогорку кызматтагы адамдардын да тийиштиги бар. Анткени кимдир бирөөнүн эле дары рыногуна кирүүсүнө жана дарыгерлерге өз шартын таңуулаганга жөн эле уруксат берилбейт", - деди Төлөгөнов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД