Жантөрө Сатыбалдиев Ленин районунун башкы салыкчысын кетирүүнү сунуштады

Бишкек мэриясынын шаардын 2012-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча жыйынтыктоочу коллегиясында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Мамлекеттик салык кызматынын Ленин райондук башкамарлыгынын жетекичиси Осмон Турдумамбетовду "эки жылдан бери салыктардын систамалык түрдө планын аткарбагандыгы үчүн" жумуштан алууну сунуштады.

"Сиз эки жылдан бери иштеп келетасыз. Көрсөткүч боюнча такай салыктар толук чогултулбаган болот. Салык чогултууну көтөрүү үчүн эч нерсе жасаган жоксуз. Сиздин аймакта эң ири үйлөр турат. Салыкчылардын ордунда болгондо мен престиждүү саналган аймактарда турган үйлөргө салык киргизүүнү сунуштамакмын. Эмне үчүн эч нерсе жасалбай атат?", - деп премьер суроо салды.

Министрлер кабинетинин башчысы Ленин районунун акими Алтынай Өмүрбекованын ишин дасынга алды. "Сиздер райондордун флагманы болушуңар керек. Силердин көрсөткүчтөр болсо башка райондорго караганда төмөн. Мен сизди аял деп айай албайм. Баарыңарды сурайм",- деди Сатыбалдиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД