Ширин Айтматова: Пакистанда жөтөлгө каршы сироп ичкен он бала каза болду

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Ширин Айтматова Кыргызстандын рыногундагы дарылардын сапатын иликтей турган убактылуу депутаттык комиссияны түзүү тууралуу маселени талкуулоо учурунда аткезчилик жол менен алынып келинген дары-дармектер мамлекеттин көзөмөлүнөн чыгып кетиши мүмкүн деп билдирди.

"Биздин рынок сапатсыз дары-дармекке толгон. Алардын көпчүлүгү аллергия сыяктуу ооруларды жаратууда. Бирок оор учурлар да кездешүүдө. Пакистанда жөтөлгө каршы сироп ичкен он бала каза болду", - деди Айтматова.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери, учурда Кыргызстанда оорулуулардын саны өсүүдө, "фармкомпаниялар ортосунда өз ордун ээлеш үчүн күрөш жүрүүдө, алар буга дарыгерлерди да тартууда" деп билдиришти. Алар да убактылуу депутаттык комиссиянын түзүлүүсүнө каршы эмес экендиктерин билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД