Ысык-Көлдөгү туризм 2012-жылы бюджетке 162 млн сом алып келген

Ысык-Көл облусундагы туристтик тармактагы объектерден 162 млн 386 миң сом салык түшкөн. Бул тууралуу Ысык-Көл облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Асанакунов биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаевдин катышуусунда өткөн облустук коллегияда билдирди.

Ысык-Көл районунан эң көп салык чогулган. Ал жактан казынага 154,5 млн сом түшкөн, бул 2011-жылга салыштырмалуу 31 миллионго көп. Түп, Тоң жана Жети-Өгүз районундагы туристтик тармактардан чогулган салыктар да көбөйгөн. Ал эми Ак-Суу районунда көрсөткүч тескерисинче төмөндөгөн. 2011-жылы 473 миң сом чогулса, былтыр 317 миң сом гана чогулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД