Өкмөт бул жылы 50 мектеп курууга ниеттенүүдө

Бишкек мэриясынын шаардын 2012-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча жыйынтыктоочу коллегиясында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев бул жылы 50 мектептин курулушун аяктоосу керектигин билдирди.

"Былтыр эле республика боюнча 265 мектептин курулушу башталган. Биз бул тууралуу билим берүү жана илим министри Канатбек Садыков менен сүйлөшүп, курулушу башталган мектептер аяктамайынча жаңы мектептерди салбоону чечтик", - деген премьер-министр "Ала-Тоо" жаңы конушунда салынып аткан мектепти мисал келтирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД