Сатыбалдиев Бишкектеги ири базарлар менен супермаркеттерди текшерүүнү тапшырды

Бишкек мэриясынын шаардын 2012-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча бүгүн өткөн жыйынтыктоочу коллегиясында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев мэрияга жана шаардык Салык кызматына борбордогу бардык ири базарлардагы соода орундарын эсепке алууну тапшырды.

"Дордой" базары бир жылда 314 млн сом салык төлөгөн. Ошентсе да адистердин эсептөөсүнө ылайык, базарды 2 млрд долларга чейин акча айланат. Ош базары да аз салык төлөп атат", - деди премьер.

Бишкек шаар мэри Иса Өмүркулов муниципалитет базарлардын "ар бир метрин эсепке алган" паспортун түзөөрүн билдирди.

Сатыбалдиев Мамлекеттик салык кызматына борбордогу базарларга өзгөчө көңүл буруусун жана супермаркеттерди текшерүүнү табыштады.

"Тургундар баалар асмандап кетти деп арызданышууда, салык жыйноо болсо азайып атат. Супермаркеттер эсебин бербей туруп товарларды сатпасын", - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД