Премьер атка минерлердин газы менен канализациясын бууп коюуну сунуштады

Бишкек мэриясынын шаардын 2012-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча бүгүн өткөн жыйынтыктоочу коллегиясында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өз милдеттерин аткарбаган атка минерлердин жарык менен газын өчүрүп, канализациясын бууп коюуну сунуштады.

Премьер-министрдин айтымында, бир убакта гүлдөп турган шаар азыр кирдеп, таштандыга толгон.

"Силер баарыңар Бишкекте жашайсыңар. Эмне үчүн муниципалитетке жардам бербейсиңер? Аларды коммуналдык кызматтан ажыратып коюуну сунуштайм", - деп ал өкмөт мүчөлөрүнө кайрылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД