Бишкектеги таштандыга премьер-министр да тынчсызданды

Бишкек мэриясынын шаардын 2012-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча бүгүн өткөн жыйынтыктоочу коллегиясында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев мэрияга таштанды көйгөйүн чечүүнү тапшырып, такай ишембилик өткөрүп туруусун айтты. Ар бир атка минер өз аймагына жооп бериш керек,- деп кошумчалады.

"Бишкек – Кыргызстандын күзгүсү. Бирок азыр бардык жерде таштанды, тазаланган эмес. Бул биз үчүн көйгөй, ал эми цивилизациялуу мамлекеттерде – бизнес жана киреше алып келет. Келгиле баарылап таштандыны кайра иштетүүчү завод куралу", - деди ал.

Өз кезегинде шаар мэри Иса Өмүркулов завод куруу маселеси өткөн жылдан бери эле талкууланып келе атканын айтты.

"Быйыл бул маселени толугу менен чечебиз", - деп ишендирди шаар мэри.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД