2013-жылы Кабулда Кыргызстандын элчилиги ачылат

2013-жылы Ооганстандын борбору Кабулда Кыргызстандын элчилиги ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда, КР тышкы иштер министринин орун басары Самаргүл Адамкулова "2014: Ооганстан жана Борбор Азия аймагы" аттуу тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, элчиликти ачуу чечими мамлекеттер ортосундагы аймактык байланышты чыңдоо максатында кабыл алынган. Ошондой эле Афганистандан тараган экстремизм, маңзат трафиги жана террор коркунучун көзөмөлдөө ишинин алкагында да иштер жүрөт.

"Сүйлөшүү 2012-жылы жетишилген. Быйыл элчилик Кабулда ачылат. Кошумчалай кетсем, 2012-жылы кыргыз-афган ведомстволор аралык биринчи кеңештер өткөрүлгөн. Анын жүрүшүндө биз коллегалар менен мындан аркы байланышуунун маселелерин талкууладык", - деди Адамкулова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД