Ош-Баткен-Исфана жолун тажиктердин Худжент шаарына чейин жеткирүү каралууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Ош - Баткен - Исфана авто жолун Борбор Азиялык экономикалык кызматташтык транспорт тармагына киргизүү маселесин иштеп чыгууда. Бул тууралуу министрликтин 2012-жылдык жыйынтык отчетунда айтылат.

Маалыматка ылайык, учурда Азия өнүктүрүү банкы Ош - Баткен - Исфана авто жолуна кошумча дагы 50 км узундугундагы Исфана - Худжент жолун кошуу маселесин караштырууда.

Эскертсек, Борбор Азиялык экономикалык кызматташтык программасына Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Монголия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан кирет. Программа аймактагы транспорт тармагын жакшыртууга жана транспорт тармагындагы саясый маселелерди чечүүгө багытталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД