2012-жылы Кыргызстанга импорттолгон товарлар экспорттон 2,8 эсе көп болгон

2012-жылы Кыргызстандан экспорттолгон товардын көлөмү 1 млрд 893,8 млн доллар болгон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдиришти.

Ал эми Кыргызстанга импорттолгон товардын көлөмү 26,1%га көбөйүп, 5 млрд 373,9 млн долларды түзгөн. 2011-жылы өсүш 32,2%ды түзгөн болчу.

Ошентип, өткөн жылы Кыргызстанга алынып келинген товардын көлөмү экспорттон 2,8 эсе көп болду.

Улуттук статистикалык комитеттен билдиргендей, 2012-жылы экспорттун көлөмүнүн азайышына алтынды иштетүүдөгү азайыш (1,8 эсе) мурдагы жылга салыштырмалуу олуттуу таасир берген.

Алтынды кошпогондо экспорт бир жылда 7,7%га көбөйүп, 1 млрд 331,5 млн долларды түзгөн. Экспорт негизинен минералдык продуктуларды жеткирүүдөн (15,9%), текстиль жана текстиль товарлары (8,3%), ошондой эле өсүмдүктөрдү жеткирүүдөн (6,6%) көбөйгөн.

Импорттук товарлар негизинен машина жана транспорттук жабдыктарды алып кирүүдөн (1,4 эсе), текстиль жана текстиль товарлары (26,6%), минералдык продуктылардан (20,2%) улам көбөйгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД