Кыргызстандын турфирмалары "Енисай-2013" көргөзмөсүнө чакыруу алышты

Кыргызстандын турфирмалары ушул жылдын апрель айында Красноярск крайында өтө турган 15-эл аралык "Енисай-2013" туристтик көргөзмөгө катышуу үчүн чакыруу алды. Бул чакыруу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аркылуу берилип, Кыргызстандын тышкы иштер жана экономика министрлигине жөнөтүлдү.

Элчиликтин биринчи катчысы Алмаз Букалаев айтымында, Красноярск крайынын жетечилиги жана анын административдик борбору Кыргызстан менен түрдүү тармактарда, анын ичинен артыкчылык берилген туристтик тармакта да кызматташууга даяр.

Ири масштабдагы форум 15 жылдан бери өткөрүлүп келет жана Сибирь федералдык округунда эң ири иш-чара болуп саналат. Көргөзмө эл аралык деңгээлге чыгып, бүгүн бир гана Орусияны кучагына албастан жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерде да камтыйт. Бул көргөзмөгө Кыргызстандын адистер биринчи жолу 2012-жылы катышышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД