Коммунизм айылында контрабандалык 25 тонна цемент кармалды

8-февраль күнү кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Лейлек районунун Коммунизм айылынан Кыргызстандын чек арачылары эки жүк ташуучу машинага жүктөлгөн контрабандалык товарды кармашты. Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары 25 тонна контрабандалык цементти жүктөп аткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Тийиштүү документтер толтурулган соң контрабандалык жүк Лейлек району боюнча Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызмат органдарына берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД