"Дыйкан" базарындагы контейнерден 150 миң сомдук мөмө-жемиш уурдалды

"Дыйкан" базарындагы контейнерден 150 миң сомдук мөмө-жемиш уурдалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басмасөз кызматынан билдиришти.

41 жаштагы ишкер айым уурулардын курмандыгы болду. Кылмышкерлер контейнердин эшигин сындырып кирип, бир нече тонна жемишти уурдап кетишкен.

Изи сууй элегинде Ленин РИИБдин кылмыш иликтөө тобунун кызматкерлери тарабынан 23 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Тергөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД