Эмгек мигранттары былтыр 1,85 млрд доллар которушкан

2012-жылдын 11 айында жеке тараптар которуу системалары аркылуу Кыргызстанга 1 млрд 850,3 млн доллар которгон. Бул тууралуу Улуттук банктын тышкы жана коом менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу акча которуу 18%га өскөн. 2011-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстанга 1 млрд 546,8 млн доллар которулса, 2011-жылдын жыйынтыгында баары болуп 1 млрд 695 млн доллар которулган.

2010-жылы акча которуу системалары аркылуу Кыргызстанга 1 млр 252,6 млн доллар которулса, 2009-жылы – $966,7 млн, 2008-жылы $1млрд 205,5 млн болсо, 2007-жылы $688,2 млн болгон.

2012-жылдын январь-ноябрь айларында 1 млрд 815,1 млн доллар КМШ мамлекеттеринен которулган. Бул жалпы сумманын 98%ын түзөт. Орусиядан 1 млрд 783,2 млн доллар, Казакстандан – 31,5 млн доллар которулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД