"Тазалык" ишканасы техниканы башка максатта колдонууга аргасыз

Тратуарларды тазалоо үчүн чакан техника керек. Бишкек мэриясынынын "Тазалык" муниципалдык ишканасынын балансында мындай бир да техника жок. Бул тууралуу кечээ, 11-февралда, ишкананын жетекчи орун басары Павел Клименко "ВБ"га билдирди.

"Биз азыр беш трактор алдык, буларда тратуардарды тазалоо үчүн болгону щеткасы гана бар. Ал эми тратуарларга туз, кум чача турган техника бизде жок", - деди ал.

Клименко ишкана 10 даана техникага муктаж экенин, бирок жалпы муктаждык андан көп экенин айтыт. Себеби, бүгүнкү күнү тратуарлардын саны Бишкектин борборунда эле 360 гектарды түзөт.

"Тратуарларга себиш үчүн канча кум менен туз кетерин эсептөө оңой эле – 108 тонна. Анын башка тарабы да бар – себилген кумду тазалаш керек. Кумду тазалаш үчүн ошончо техника керек. Жаңы келген тракторлор ушундай ишти жасайт. Бирок жок дегенде анын саны 40 даана болушу керек. Алар бардык жабдыктар менен жабылыш керек. Тазалоо иштерин толук түрдө механизациялоо мүмкүн эмес, андыктан кишилер да тартылат", - деди Клименко.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД