Мамтехинспекция 10 компанияны лицензиясынан ажыратууну талап кылууда

Геологиялык чалгындоо жүргүзгөн жана кен казган компаниялардын ишмердигин текшерген комиссия 10 компанияны лицензиясынан ажыратуу маселесин кароону өкмөткө сунуштап атат. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан "ВБ"га билдиришти.

Маалыматка ылайык, комиссия Жалал-Абат облусунун Ала-Бука, Чаткал райондорунда иштеп аткан компаниялардын Кыргызстандын экология жана өндүрүш коопсуздугу, кенди коргоо жана колдонуу боюнча мыйзамдын талаптарын кантип аткарып аткандыгын текшерген. Жыйынтыгында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп аткан төмөндөгү компанияларды лицензиясынан ажыратуу корутундусун чыгарган. Алар:

- "KGM Ltd" ЖЧК,

- "Линия Права Уран" ААК,

- "Чанач" ЖЧК,

- "Витеп" ЖЧК,

- "Тоо Аймак" ЖЧК,

- "Avante" ЖЧК,

- "Ет Гео" ЖЧК,

- "Consolidated Aurum" ЖАК,

- "Sultan Gold" ЖЧК,

- "KALTON" ЖЧК

Мамлекеттик техникалык инспекциянын маалыматына ылайык, "KGM Ltd" ЖЧКсы Ортотокой алтын кенин өндүрүштүк иштетүүгө алууда лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткарган эмес.

Ошондой эле "Линия Права Уран" ААКы Туз-Ашуу алтын кениндеги геологиялык изилдөөлөрдү өткөрүүдө, "Чанач" ЖЧКсы Чанач алтын кениндеги, "Витеп" ЖЧКсы Кичи-Сандык кенин чалгындоодо лицензиялык келишимдин шарттарын аткарган эмес. Андан сырткары мамлекеттик сртуктураларга иштеринин жыйынтыктарын тапшырган эмес.

"Тоо Аймак" ЖЧКсы, "Avante" ЖЧКсы, "Ет Гео" ЖЧКсы, "Consolidated Aurum" ЖАКы, "Sultan Gold" ЖЧКсы, "KALTON" ЖЧКсы лицензиялык аймактарда дээрлик иштерди жүргүзгөн эмес.

Мамтехинспекциядан билдиргендей, Мамлекеттик геология агенттиги комиссия мүчөлөрүнө бул компаниялардын лицензиясын жана лицензиялык макулдашууларын көргөзгөн эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД