Салык кызматы карызкорлордон миллиардга жакын сомду "сыгып" алды

2012-жылы Мамлекеттик салык кызматы карызкорлорду милдеттүү түрдө төлөтүүдөн 900 млн сом салык жыйнаган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын бүгүнкү, 12-февралдагы коллегиялык жыйынында кирешелерди эсептөө жана декларацияларды кайта иштеп чыгуу башкармалыктын директорунун милдетин аткаруучу Искендер Алымбеков билдирди.

Анын айтымында, салык төлөбөй качкандардан түшкөн каражат 11%га көбөйгөн, же 99,5 млн сомду түзгөн.

Жалпысынан 2013-жылдын 1-январына карата ишканалардын карызы 1,5 млрд сомду түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 9,2%га же болбосо153,5 млн сомго аз.

Алымбеков ошондой эле сотко карыздарды доолап алуу үчүн 445 млн сомдук 1,4 миң иш берилгенин белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД