Баткендин мэри болуп "Замандаш-Современник" партиясынын мүчөсү шайланды

Баткендин мэри болуп "Замандаш-Современник" партиясынын мүчөсү Жаныбек Жалилов шайланды. Бул тууралуу партиянын саясый кеңешинин мүчөсү Перизат Суранова "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, Жалилов Баткендеги жергиликтүү кеңештеги көпчүлүк коалициядан көрсөтүлгөн. Коалицияда "Замандаш-Современник", КСДП жана "Республика" партиялары бар. Жалиловго 18 депутат "макул" деп добуш берсе, 12 депутат "каршы" болуп, бир депутат калыс деп добуш берген.

Эскертсек, быйыл бир катар шаарлардын башчыларынын кызмат мөөнөтү аяктагандыктан БШК жаңы шайлоолорду дайындаган. Баткен шаарынын учурдагы мэри Сейитказы Эрматовдун да мөөнөтү быйыл, 2013-жылы, аяктайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД