Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту КТББнын башчысы Тлек Алибаевди актады

Мыйзамсыз маңзат алып жүргөн жана аны саткан деп айыпталган Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси (КТББ) Тлек Алибаевди кечээ Биринчи Май райондук соту актады. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда, белгилүү болду.

Эскертсек, өткөн жылдын 6-июнунда Алибаев жана анын жардамчысы МУККнын убактылуу кармоочу жайына камалган. Алибаев менен анын жардамчысы Базарбек Алибаевге "Көп өлчөмдө маңзат алып жүрүү жана сатуу", ошондой эле "КР ИИМ кызматынын укуктарынан кыянаттык менен пайдаланды" деген беренелер боюнча кылмыш иши козголгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД