Эстеликтерди оңдоо үчүн каражатты жергиликтүү бюджеттен кароо сунушталды

Борбор калаа Бишкекте 377 тарыхый жана маданий эстелик бар. Бул тууралуу Бишкек жана Ош шаарларынын статусу тууралуу парламенттик угууда маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте мамлекеттик маанидеги 128 эстелик бар. "Ош шаарында 18 тарыхый жана маданий эстелик бар. Алардын сегизи мамлекеттик маанидеги эстелик. Бишкектеги эстеликтердин 30%ы оңдоого муктаж. Ошто болсо 20%ын оңдош керек. Борбор калаанын жана Ош шаарынын статусу жөнүндөгү мыйзам долбооруна тарыхый жана маданий эстеликтерди оңдоого каражат жергиликтүү бюджеттен каралашы керек деген түзөтүү киргизүү керек". –деди Жунусов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД