Бүгүн Centerra Goldдун президенти Сатыбалдиев менен жолугат

Бүгүн, 13 февраля, Centerra Goldдун президенти Ян Аткинсон премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугуп, "Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы тууралуу компаниянын расмий позициясын билдирет. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасы Дилгер Жапаров "ВБ"га билдирди.

Кечээ Аткинсон "Кыргызалтындын" жетекчилиги менен жолуккан. Жапаров мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгын компания кандай кабыл алганын айткан жок. Болгону бүгүн ал тууралуу маалым болоорун гана белгиледи.

Эскертсек, "Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссия алтын иштеткен компания менен түзүлгөн келишимди кайтадан карап чыгууну талап кылууда. Эгер андай болбосо, келишимди бир тараптуу түрдө токтотууну сунуш кылып атат. Мамлекеттик комиссия өкмөт менен Centerra Goldдун сүйлөшүүсүнө үч ай мөөнөт берген болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД