Ленин районундагы 15 селсаяктан кургак учук табылды

Ленин районундагы селсаяктардын 15нен кургак учук табылды. Бул тууралуу аталган райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчи орун басары Ажара Мамбетсеитова билдирди.

Анын айтымында, "Үй-жайсыз" деп аталган рейд учурунда 11 селсаяктан кургак учуктун ачык түрү табылган. "Биз аларды мончого жуундуруп, кийинтип шаардык кургак учукка каршы ооруканасына жибердик. Тыкыр иликтөөлөрдөн соң дарыгерлер дагы төрт кишинин кургак учук менен ооруганын аныкташты", - деди Мамбетсеитова.

Ал ошондой эле үй-жайсыз дагы бир адам ВИЧ/СПИДке шектелип, каттоого алынганын белгиледи. Эгер анализдеринен оорунун симптондору аныкталса, ал да ооруканага жаткырылат, - дейт ал.

"Үй-жайсыз" рейди учурунда 78 селсаяк текшерүүгө алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД