Мэрия эмне себептен жолго брусчатка төшөлгөнүн түшүндүрдү

Бишкек шаарынын Исанов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги көчөнүн асфальт катмары курулуп аткан имаратка коммуникация тартуу үчүн алынган деп шаар мэриясынын басмасөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, аталган көчөлөрдүн кесилишиндеги кабелди алмаштыруу да жүрүп аткандыктан көчөгө бурсчатка төшөлгөн.

Ал жердеги жолду калыбына келтирүү иштери курулуп аткан обьектинин эсебинен калыбына келтирилет. "Бул аракеттер күн жылыганга чейин көрүлгөн убактылуу чара. Техникалык нормага ылайык, асфальтты 10 градустан жогору болгон аба ырайында гана төшөө керек", - деп билдирди басмасөз кызматы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД