Аламүдүн районундагы жол кырсыгынан беш киши жаракат алды

Аламүдүн районунда катталган жол кырсыгында эки айдоочу жана үч жүргүнчү жаракат алды. Бул тууралуу Чүй ИИББнын басмасөз кызматы билдирди.

Жол көзөмөлдөө кызматынын инспекторунун айтымында, "Фольксваген Вента" машинасынын айдоочусу Кой-Таш – Кызыл-Берлик жолунда кетип баратып "Мерседес" үлгүсүндөгү машина менен кагышкан. Аны 36 жаштагы Ысык-Ата районунун тургуну айдап бараткан.

Жол кырсыгынын кесепетинен 23 жаштагы бала, 29 жаштагы кыз, 56 жаштагы киши оор жаракат алып, оорукананын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

Жол кырсыгына ким күнөөлүү экенин тергөө аныктайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД