Таласта күчү 4 баллдык жер титиреди

Бүгүн, 13-февралда, түңкү саат 01:19дар чамасында КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун станциясында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында, Кайнар айылынан түштүк-батыш тарапка карай 17 км, Шекер айылынан түштүк-батыш тарапка карай 23 км, Талас шаарынан батышты карай 108 км алыстыкта жайгашкан.

Кайнар айылында 3,5 балл, Шекер, Аманбаева, Маймак айылдарында 3 балл, Кара-Сай, Жан-Төбө айылдарында 2,5 баллга жеткен.

Алдын-ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД