Рысалиев: Тоноочулук боюнча кылмыш ишин аяктады деп айтууга болбойт

"Азырынча тоноочулук боюнча кылмыш ишин аяктады деп айтууга болбойт", - деп Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 13-февралдагы, жыйынында мурдагы ички иштер министри, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн тергөө тобу тоноочулук боюнча ишти аяктадык деп атат, бирок антип айтуу туура эмес. "Тергөө учурунда биз Райкан Төлөгөновдун, Туратбек Мадылбековдун 6,7 жана 8-апрелдеги телефондук сүйлөшүүлөрүн кагазга чыгарганбыз. Бирок биз ошол күндөрү депутаттарды коштоп жүргөн башкалардын сүйлөшүүлөрүн чыгарган жокпуз. Мен башка жумушка которулгандыктан аларды чыгарууга үлгүрбөй калдык. Алардын бардыгынын телефондук сүйлөшүүлөрү чыгарылгандан кийин гана ишти аяктады деп айтууга болот. Ал эми азыр тергөө тобу өз ишин аяктады деп айтуу эрте", - деди Рысалиев.

Ал ошондой эле ИИМди жетектеп турганда тергөө тобунун ишин өзү көзөмөлдөп турганын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД