Курманбек Осмонов: Апрель окуяларынан кийин Юсупов депутаттык үйдө жашаган

"Суракка алынып аткан Абдулла Юсупов 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин Муса Төлөгөновдун депутаттык үйүндө жашаган", - деп Жогорку Кеңештин бүгүнкү 13-февралдагы, жыйынында тоноочулук фактысын иликтеген депутаттык комиссиянын төрагасы, "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов билдирди.

Талкуу учурунда мындай маалымат канчалык деңгээлде чындыкка жакын деп "Республика" фракциясынын депутаты Назарали Арипов кызыкты. Осмонов чындыгында ушундай маалыматтар бар экенин белгиледи. "Алар депутаттык үйдө, андан кийин эки ай Аламүдүндө бирге жашаган деген маалымат бар. Биз бул маалыматты депутаттык комиссиянын иштөө учурунда караганбыз", - деди эл өкүлү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД