"Супер-Инфонун" айыпталган кызматкерлери күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна алышты

"Супер-Инфо" гезитинин айыпталып аткан кызматкерлери Максат Орузунбетов жана Бахиана Сатылганова күнөөсүн толугу менен моюнуна алган жок. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда, Биринчи Май райондук сотундагы отурумда айыпталуучулар өздөрү билдиришти.

"Кылмыштын белгилери жок деп эсептейм", -деди Орузунбетов.

Ал эми Сатылганова күнөөсүн жарым-жартылай моюнуна ала турганын айтты. Ушундай эле пикирди тамаша-торго катышкан актер Жанат Муратов да билдирди.

Эскертсек, 2012-жылдын 30-октябрында КТРКнын алып баруучусу Назира Айтбекова тамаша-торго кабылган. Аны машинага салып барышып, шаар четине алып чыгышкан болчу. Айтбекова бул окуя боюнча милицияга кайрылып, күнөөлүүлөр жазаланышы керектигин айткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД