Назира Айтбекова "Супер-Инфонун" тамашасына катышкан актерду кечирди

"Супер-Инфо" гезитинин кызматкерлеринин тамаша-торуна түшкөн "Аалам сырлары" программасынын алып баруучусу Назира Айтбекова эки айдан бери камакта жаткан актер Жанат Муратовду кечирди. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунда иш каралып атканда белгилүү болду.

"Тамаша-торду уюштурган "Супер-Инфонун" кызматкерлерин кечирген жокмун. Муратов болсо жаш, анын баласы бар. Аны боорум ооругандыктан кечирдим", - деди Айтбекова.

Бул иш боюнча төрт киши айыпталууда. Алардын экөө газетанын кызматкерлери – Бахиана Сатылганова жана Максат Орузунбетов, үчүнчүсү 29-декабрда камакка алынган актер – Жанат Муратов. Ал эми төртүнчүсү Аскат аттуу жигит алдамчылык менен айыпталып, учурда Оштогу №5 убактылуу тергөө абагында отурат. Булардын бардыгы "Адам уурдоо", "Мыйзамсыз эркинен ажыратуу" жана "Бейбашчылык" беренелери боюнча айыпталууда.

Муратовдун адвокаты аны камактан чыгарууну өтүндү. Сот азырынча өз чечимин чыгара элек.

Эскертсек, 2012-жылдын 30-октябрында КТРКнын алып баруучусу Назира Айтбекова тамаша-торго кабылган. Аны машинага салып барышып, шаар четине алып чыгышкан болчу. Айтбекова бул окуя боюнча милицияга кайрылып, күнөөлүүлөр жазаланышы керектигин айткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД