Кызыл-Кыяда шаардык кеңештин депутаты мас абалында милиция кызматкерин сабаган

"Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Ажибеков мас абалында милиция кызматкерин сабаган", - деп бүгүн, 13-февралда, Баткен облустук ИИБдин маалымат-катчысы Дамира Юсупова "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, "Айбек" базарынын аймагына мыйзамсыз курулган обьектерди сүздүрүү боюнча Кызы-Кыя шаар мэриясынын токтому чыккан. Шаардык муниципалдык кызматтын кызматкерлери аталган жерге тийиштүү иштерди аткаруу үчүн милиция кызматкерлери менен биргеликте кечээ саат кечки бештер чамасында келген. Ал жерге шаардык кеңештин депутаты да барып, сүздүрүү иштерин токтотууну талап кылган.

Юсупова ошондой эле, Ажибеков муниципалдык кызматтын кызматкерлерин коркутуп, милиция кызматкерин да сабап салган, деп кошумчалады. Тергөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД