Текебаев Артыковду кыргыз элин шылдыңдады деп айыптады

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 13-февралдагы, жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Анвар Артыковдун "кыргыз элин шылдыңдагандыгы үчүн кечирим суроосун" талап кылды.

Текебаевдин айтымында, Артыков ЖМКга берген маектеринин биринде Бакиевдин Тейит айылындагы үйүн кыргыздар өрттөгөн деп айткан. "Андай билдирүүлөрдү айтуу үчүн Сиз эмне сот же тергөөчүсүзбү? Мындай билдирүүлөр негизсиз. Ошентип айтканыңыз үчүн Сиз кыргыз элинин алдынан кечирим сурашыңыз керек", - деди Текебаев.

Төрага Асылбек Жээнбеков депутаттарды сабырдуу болууга чакырды. Артыков жооп берүүгө аракет кылганда, анын микрофону өчүрүлдү. Микрофонду кайра күйгүзгөндө депутат төрагага кайрылды. "Сиз мени "басмырлаганга" мүмкүндүк берип атасыз. Андай болбойт. Мага да сүйлөө үчүн мүмкүндүк бериңиз", - деди Артыков.

Кийинчерээк Текебаевдин билдирүүсүнө башка атамекенчи депутат Бактыбек Калмаматов кошулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД