Булак: БШК Майлуу-Суу шаардык кеңешин таркатышы мүмкүн

Борбордук шайлоо комиссиясы Майлуу-Суу шаардык кеңешин таркатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда, аймактык шайлоо комиссиясындагы жеке булак "ВБ"га билдирди.

Депутаттар берилген мөөнөт ичинде өз милдеттирин аткара алган жок. Алар бир ай ичинде Майлуу-Суу шаарынын мэрин шайлай алышкан жок. Кечээ да акыркы мүмкүнчүлүгүн пайдаланышкан жок. Мыйзам боюнча аталган кеңеш таркатылышы керек, дейт булак.

Эскертсек, 12-февралда Майлуу-Суу шаардык кеңешинин жыйыны кворум болбогондуктан өтпөй калган. 31 депутаттын болгону үчөө гана келип, калгандары жыйынды тоготкон эмес.

Андан сырткары 28-январдагы мэрди шайлоо да ушундай эле себеп менен болбой калган. Депутаттардын келбей атышынын негизги себеби, шаардык кеңештин төрагалыгына "Ата Мекен" партиясынан Алмаз Курманкуловдун шайланышы жана аны менен шаар депутаттары макул эмес. Ошондуктан нааразычылык билдирген депутаттар сот органдарына кайрылышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД