Болот Шер Зарылбек Рысалиевдин койгон диагнозуна таарынды

"Эл аралык деңгээлдеги ар бир дарыгер Болот Шердин "өзү жасаган ишке өзү жооп бере албайт" деген справка бере алат", - деп Жогорку Кеңештин 13-февралдагы жыйынында мурдагы ички иштер министри, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиев билдирди.

Жыйынды "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Болот Шер Рысалиевден "2010-жылдын апрелиндеги тоноочулукка менин тийиштигим бар деп ишенесизби?" деп сурады.

"Сиз бул суроону мага жыйырманчы жолу берип атасыз. Мен сиз тууралуу эч нерсе айта албайм. Ошол убакты сиздин абалыңыз оор болгонуна ишенем. Сиз түшкө чейин гана иштеп, түштөн кийин эс алчусуз. Сиз кимдир бирөөнүн акчасына, алтынына же мүлкүнө кызыккан эмессиз. Мен сиз тууралуу эч нерсе деп айткан эмесмин жана айта албайм. Керек болсо эл аралык деңгээлдеги дарыгерлер Сиздин "өзү жасаган ишке өзү жооп бере албайт" деген справка бере алат", - деди Рысалиев.

""Мага ушундай аныктама бергениңиз үчүн ырахмат. Муну мазактоо катары кабыл алууга мүмкүн",- деп жооп кайтарды Шер.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД