Баткенде мыйзамсыз күйүүчү май алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Баткен облусунунан милиционерлер мыйзамсыз түрдө күйүүчү май алып өтүүгө аракет кылган жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Лейлек РИИБи жана Баткен облусунун ИИБинин ыкчам-иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери 12-февралда болжол менен түнкү саат 2лер чамасында Аксу айыл өкмөтүнүн аймагынан "Урал" жүк ташуучу машинасын кармашкан. Ал Аи-80 үлгүсүндөгү бензинди аткезчилик жол менен ташып бараткан. Машинаны 30 жаштагы Баткен облусунун тургуну айдап бараткан. Мыйзамсыз ташылып бараткан бензиндин болжолдуу баасы 375 миң сомду түзөт.

Учурда кылмыш ишин козгоо боюнча аракеттер көрүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД