Турсунбек Акун Жогорку Кеңеште эки жолу ант берди

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 14-февралдагы, жыйынында экинчи мөөнөткө кайта шайланган акыйкатчы Турсунбек Акун ант берди.

Омбудсмендин биринчи ант берүүсү мызам талаптарына туура келбей калды. Акун "ак дилимден кызмат кылам" деп айткан соң, төрага Асылбек Жээнбеков акыйкатчынын конституцияга колун койбогонун байкап, "антты кайтадан бериңиз", деди.

Акун антты кайтадан негизги мыйзам болгон конституцияга колун коюп анан берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД