Бекешев: Акыйкатчыны шайлоонун жыйынтыгын сот мыйзамсыз деп табышы мүмкүн

"Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Дастан Бекешев акыйкатчыны шайлоонун жыйынтыгын сот мыйзамсыз деп табышы мүмкүндүгүн айтып кооптонууда. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 14-февралдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Турсунбек Акун менен чогуу ат салышкан "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу шайлоонунун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылган. "Бизге мындай кат келип түшүп, түшпөгөнүн билбейм. Бирок ал катта мындай деп жазат: шайланган акыйкатчынын ант берүүсү мыйзамсыз өткөн шайлоонун жыйынтыгын легалдаштырып салат. Эгер сот акыйкатчыны шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып салсачы? А биз болсо, акыйкатчынын антын кабыл алып койдук",- деди Бекешев.

Төрага Асылбек Жээнбеков акыйкатчы жөнүндөгү мыйзамга ылайык ал 14-февралда Жогорку Кеңеште ант берүүсү керектигин түшүндүрдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД