МУККнын кызматкери: Камчыбек Ташиев кыйкырып сөгүп-сагынып артыман кубалады

Камчыбек Ташиев артыман сөгүп-сагып, "Атпа" деп кыйкырып кубалаган. Бул тууралуу камалган "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун сот иши учурунда МУККнын 9-башкармалыгынын кызматкери Мирбек Орокбаев билдирди.

Ал ошондой эле 2012-жылдын 3-октябрындагы митинг учурунда кайтарууга алынган "Ак үйдүн" темир торун ашып түшкөн атажуртчу депутаттар мыйзам бузган деп айтты.

"Коргоого алынган объектке кирген митингчилердин алдына, жерге ок аткыла деп буйрушкан. Ошол убакта менин артыман Камчыбек Ташиев сөгүнүп-сагынып кубалады. Эгер Ташиев мага жеткенде мен майып болуп калмакмын", - деди Орокбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД