Жабырлануучу атажурчулардан митинги жок эле жашоону суранды

Камактагы атажуртчу депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун иши боюнча бүгүнкү, 14-февралдагы, сот отурумунда патрулдук-күзөт кызматынын кызматкери Эркинбек Алканов айыпталып аткан депутаттардын митингге чыкпоосун суранды.

Анын айтымында, 2012-жылдын 3-октябрында Ала-Тоо аянтында болгон митинг учурунда ал жаракат алган. Депутат Камчыбек Ташиевдин суроолоруна жооп берип атып, жаракат алган милиция кызматкери депутаттырдын элдерди митингге алып чыкпоосун өтүндү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД