Мамлекеттик баланстагы алтындын запасы 9% азайды

"Мамлекеттик баланста 435 тонна алтын бар", - бул тууралуу бүгүн, 14-февралда, Геология боюнча мамлекеттик агенттиктин коллегиясында ведомствонун директору Ишимбай Чунуев маалымдады.

2 айдын ичинде алтындын запастары 9% азайган, анткени 1 ноябрда берилген маалыматка ылайык мамлекеттик баланста 477,1 тонна баалуу металл бар.

Мамлекеттик геологиялык агенттиктин буга чейинки маалыматы боюнча мамбаланска алтынды төрт компания жеткирип турчу. Алтындын жаңы запастары эки жерден табылган. Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзгөн австралиялык Manas Resources, Баткен облусундагы Шамбесай кенине жана британиялык Highland Gold Mining компаниясына тиешелүү "Хайленд Экспорейшн" ЖЧКсы Жалал-Абад облусундагы Үңкүрташ жана Кассан аянттарында чалгындоо ишин жүргүзүүгө лицензия алышкан.

Кендердеги алтындын запасын Талды-Булак Левобережный жана Миронов кендери кошумчалаган. Анын экөө тең Чүй облусунда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД