Чет элдик сөздөр жана латын тамгаларын билборддордон "жоготуусун" талап кылышты

Бүгүн, 14-февралда, парламенттеги пленардык жыйында депутаттар бийликтин демилгеси менен "Юридикалык мекемелерди жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоодон өткөрүү" тууралуу мыйзамга оңдоп түзөөлөрдү киргизүү талкууга алышты.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун пикири боюнча, Кыргызстандагы кыргыз же орус сөздөрдү камтыган баардык компанияларды, өз аталыштарын кирилица арибинде жазууга мажбурлоо зарыл. "Учурда Бишкек түркүн жарнамаларга жык-жыйма толуп кеткен, бирок анда кандайдыр бир ирээти жок", - деди Шыкмакматов. Анын айтымында, Бишкекте көп кабаттуу үйлөргө жана түркүктөргө жарнама илүүгө тыю салынган. Бирок бул мыйзамга эч ким баш ийбейт.

Исмаил Исаков баардык эле жарнамалык щиттерде кыргыз же орус тили колдоно бербегендигине кейип, "эгер плакаттарды чет тилде жазуу улана берсе, тилибизди такыр унутуп калабыз",- деди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД