Юридикалык жактардын аталыштарын жазуу мыйзам аркылуу ыраатка салынат

Жогорку Кеңеште мамлекеттик каттоодон өткөн юридикалык жактардын аталыштарын мамлекеттик жана расмий тилде колдонулган тамга менен жазууга багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Ал үчүн "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" мыйзамга түзөтүү киргизилүүгө тийиш. Мыйзам долбоору КР өкмөтү тарабынан сунушталып жатат.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, буга чейин мамлекеттик каттоо жүрүшүндө мамлекеттик жана расмий тилдерде түшүнүгү бар юридикалык жактардын аталыштарын латын же дагы башка тамгаларда жазууга уруксаат берилгендиктен, ал көптөгөн түшүнбөстүктөрдү жаратып, ар кандай чаташууларга алып келүүдө. Ошондуктан, алардын жазылышын кириллицага өткөрүү менен ыраатташтыруу зарылчылыгы бар.

Белгилей кетчү нерсе, мындай талаптын мурда катталган, аталышы брендге айланып калган чет өлкөлүк юридикалык жактарга эч тиешеси жок.

Талкуу жүрүшүндө депутат Урмат Аманбаева мурда катталып калган юридикалык тараптарга карата да акырындык менен ушундай талаптарды коюп, кайра каттоодон өткөрүү сунушун берди. Анын пикиринде, бул мыйзам долбоору мамлекеттик жана расмий тилдин өнүгүшүнө да өзүнүн жагымдуу таасирин тийгизет.

Депутаттар Улугбек Кочкоров менен Өмүрбек Абдырахманов мыйзам долбооруна каршы экендиктерин айтат. Ал эми Дастан Бекешев менен Марат Султанов кириллицадан тышкары, латын тамгасын да калтыруу оюн билдирди.

Депутат Исмаил Исаков кесиптештерин мыйзам долбоорун колдоого чакырды. Анткени, көрүнгөн жерге илинген латын тамгасындагы аталыштар менен көрнөк-жарнактарды иретке келтирүүгө мезгил жетти.

Министр талкуу учурунда айтылган сунуштарды экинчи окуу жүрүшүндө эске алууга убада берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД