Тараптар кен иштетүү токтотулбашы керектигин тастыкташты

Кечээ, 14 февралда, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти Ян Аткинсон менен жолугушту. Ян Аткинсон Кыргызстанга "Кумтөр" проекти тууралуу консультация бергени келген. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Тараптар долбоордун айланасында түзүлгөн кырдаалга "Кумтөр" компаниясынын Кыргызстандын экономикасы жана Centerraнын баардык акционерлери үчүн канчалык маанилүү экендигине түшүнүү менен карашаарын билдиришти.

Премьер-министр долбоордун мындан аркы ишмердүүлүгү үчүн Кыргызстандын экономикалык жана башкаруу позицияларын жакшыртуу керектигин белгиледи.

Компания тарап да өз кезегинде, "түзүлгөн кырдаалага түшүнүү менен карап, конструктивдүү диалог куруу үчүн, компромисстик жолдорду издөөгө даяр экендигин" маалымдашты.

Эки тарап тең "Кумтөр" кенин иштетүүнү үзгүлтүккө учуратпоо зарыл экенин баса белгилеп, "мындан аркы консультациялардолбоордун баардык катышуучуларынын кызыкчылыгы сакталаарын" кошумчалашты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД